Парламент Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды. Аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду.
Жыйынтыгында 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берди. Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү "макул", тогузу "каршы" добуштарын беришкен. Референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга эми президент кол коюшу керек.
“Албетте колдош керек. Мен түшүнбөйм айрым каршы болуп жаткандарга. Мына талкуу болуп, айрым мамлекеттик эмес уюмдар митинг кылып жатат. Алар негиги октябрдагы окуяларда деле ошентип кыйкырып жүрүшкөн. Азыр деле кыйкырып жатат. Андыктан аларга карабай эле эл тандап аткандан кийин Конституция кабыл алынышы керек. Эл өзү кабыл алат”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов.