Жаңылыктар
Екатеринбург шаарында эмгек миграциясындагы аялдардын актуалдуу маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Екатеринбург шаарында эмгек миграциясындагы аялдардын актуалдуу маселелери талкууланды

Екатеринбург шаарында миграциянын аялдарга тийгизген таасири туурасында эл аралык конференция болуп өттү. 

Иш-чара Свердлов райондук "Кыргызстан-Урал" коомдук уюму тарабынан, республиканын Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган. Жыйындын катышуучулары аялдардын иш менен алектенүүсү жана ишкерчилик мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Алардын үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салтты сактоодогу ролу тууралуу дагы сөз болду.