Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 8-март күнү саат 23:00 чамасында Чолпон-Ата айыл аймагынын Терек-Суу айылында 1991-жылы туулган эркек адам Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен. 10-март күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнин куткаруучулары тартылып, саат 11:00дө суудан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле аталган райондо 10-март күнү саат 09:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 221-чакырымында VOLVO үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолдун четинде тыгылып чыга албай туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы жайгашкан ӨКМдин куткаруу отрядынын куткаруучулары КамАЗ унаасы менен чыгарып беришкен.