Кыргызстанда электр түйүндөрүн тартуу иштери башталды. CASA-1000 долбоорунун алкагында жүрүп жаткан иш алгач Баткен облусунда башталып, кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат. "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалыматтына караганда, долбоордун алкагында керектүү электр тармактык комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылууда.
Жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Инфраструктуралык объектилерди эл аралык тендер аркылуу тандалып алынган түркиялык компания курмакчы. CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстанды Афганистан менен Пакистанга электр тутумдары аркылуу байланыштырууга багытталган долбоор. Ал эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга арналган.