Жаңылыктар
Ата мекендик ишкерлер үчүн байланыш аянтча болгон бизнес-кербен быйыл Ошто белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ата мекендик ишкерлер үчүн байланыш аянтча болгон бизнес-кербен быйыл Ошто белгиленди

Салтка айланган бизнес-кербени быйыл да Ош шаарында белгиленди. Ага, биринчи жолу Бишкек шаарынан курулуш материалдарын даярдаган 20га жакын ири компания катышты. 

Иш-чаранын өзгөчөлүгү - көпчүлүк жолугушуулар аймактардагы ишкерлерди борборго чогултса, бул ирет борбордогу ишкерлердин аймактарга барышы болду. Байланыш аянтчасы ата мекендик ишкерлер ортосунда өнөктөш, кардар табуу, байланышты чыңдап тажрыйба алмашууга багытталган.

"Биринчи максат пандемиядан улам жабыр тартып калган ишкерлерге шарт түзүү. Бишкек шаарынын ишкерлери менен региондогу ишкерлердин байланышын чыңдоо, жаңы бизнес түзүмдөрүн ачуу, натыйжалуу өнөктөштүк үчүн бизнес-нетворкинг түзүү, тажрыйба жана байланыш арттырууну көздөйт",- деди уюштуруучу топтун жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу.