Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселеси иштеп чыгуу баскычында турат. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев брифинг учурунда билдирди.
Айтымында, өзгөчө макам аймакты өнүктүрүү бюджетин, облустун ичиндеги башкаруу структурасын өз алдынча түзүүдө жана калктын башкаруу чечимдерин кабыл алууда катышуусун камсыздоого жол ачат. Бул экономикалык өнүгүү, социалдык туруктуулук, жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, миграция маселелерине байланыштуу болот.
Ошондой эле Данияр Иманалиев азыркы тапта аталган маселелер иштеп чыгуу баскычында туруп, бардык талкуулардан кийин акыркы чечим айтыларын билдирди.