Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
Улукбек Марипов кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, Эркин Тентишев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.