Өлкө боюнча мектеп окуучулары 22-марттан тарта жазгы эс алууга чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Окуу кайра 1-апрелде башталат. Эске салсак, Бишкек шаарындагы 2,3,4-класстын окуучулары 9-марттан тарта кадимки тартипте окуп баштады. Буга чейин 1,5,9, 11-класстардын окуучулары мектепке барып билим алып жатышкан. Өкмөт калган класстардын окуучулары да 1-апрелден тарта кадимки тартипте окуй турганын билдирди.