Жаңылыктар
Артём Новиков опера жана балет театрында болгон окуяга байланыштуу театр өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Артём Новиков опера жана балет театрында болгон окуяга байланыштуу театр өкүлдөрү менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчилиги, артисттери жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. 

Анда бир катар артисттердин «Ак куу көлү» спектаклине катышуудан баш тартуусуна байланыштуу болгон окуянын себептери талкууланды. 

«Спектакль үзгүлтүккө учурады. Бул окуядагы эң өкүнүчтүүсү жана ызалуусу жөнөкөй көрүүчү жабыркады, зал эстетикалык ыракат алууну каалаган адамдарга толгон болчу. Албетте, артисттердин да, театрдын жетекчилигинин да өз чындыгы бар. Бирок ушундай жагдайларга мындан ары жол бербөө керек. Мындай көйгөйлүү маселелерди көңүлдөн тышкары калтырбастан жана узакка создуктурбай чечүү зарыл», - деди Новиков. 

Белгилүү болгондой, Өкмөт маданият тармагына жаңыча мамиле кылуу ыкмаларын киргизет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине театрдын артисттеринин жеке уюмдар менен биргелешип өткөрүлгөн спектаклдерге катышуу үчүн эмгек акысын жөнгө салуу маселесин мыйзамдык деңгээлде иштеп чыгууну тапшырды. Мекеменин кызматкерлеринин айлыгын төлөөгө сахнада ойноонун санын эске алуу менен дифференциялдык мамиле кылууну иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Артем Новиков театрдын мурда берилген репертуарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен спектаклдердин ар түрдүү жана кызыктуу программасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.