Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, андагы дарыланып жаткандардан кабар алды.
Ал борбордо курулуп жаткан жаңы имараттын курулушу менен да таанышты. Төрага Жогорку Кеңеш оор илдетке кабылгандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү багытында тиешелүү иштерди жасай берерин белгиледи. Анын ичинен мыйзамдык базаны өркүндөтүү алкагында алгылыктуу аракеттер көрүлөрүн кошумчалап, парламенттин тиешелүү комитетинин бөлүмүнө тийиштүү тапшырмаларды берди. Жаңы имараттын курулушу үч жылдан бери токтоп турган. Төрага Өкмөткө имараттын курулушун тез арада бүткөрүү маселесин ыкчамдатууну тапшырды. Талант Мамытов оорулууларды дарылоодо колдонулуучу заманбап ыкмаларды жана жабдууларды камсыздоого Өкмөт көмөк көрсөтүшү керектигине токтолду. Борбордо дарыланып жаткандардан кабар алган Төрага ар бирине сабырдуулук жана чыдамкайлык тилеп, тез арада сакайып кетишин каалады. Бейтаптар дары-дармектердин наркынын өсүп жаткандыгына, ички авиакаттамдардын билет баасынын жогору экендигине байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүштү.
Андан тышкары, оорулуу балдардын ата-энелери, балдарынын жанында болуу үчүн шарт түзүп берүүнү өтүнүштү. Мамытов айтылган маселелерди эске аларын билдирип, аларды чечүү багытында Өкмөттүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн убада кылды.