Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы, Катчылыктын башчысы Бури Каримовду кабыл алды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу маселелери, анын ичинде жол тармагына жаңы технологияларды киргизүү жана колдонуу жаатында маселелер талкууланды. Ушул жылдын май айына пландаштырылган КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин демилгеси менен өткөрүлө турган эл аралык автожарыш боюнча пикир алмашуу болду.
КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органы менен жолугушуу жана иш-чараларды өткөрүү боюнча Бишкекке боло турган иш сапарынын пландары жөнүндө маалымдады.