Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. БШК жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. БШК жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма - 15 млн 41 миң сом. Бул каражатка санитайзер, төрт кабаттуу бир жолу колдонулуучу бет кап, респитатор, кол кап, тилкелик шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үчүн кийимдер, шайлоочулар үчүн спирттүү кол аарчылар сатылып алынат. Сынактык арыздарды берүү мөөнөтү - 30 мартка чейин. 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт.