Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Айдит Эркин Монголиянын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси, Соода өкүлү Данаажав Хасар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар келечекте кыргыз-монгол кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.