Жаңылыктар
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 27-январда кабыл алынган. Ал аркылуу Өкмөт менен келишим түзгөн Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган өкүлчүлүктөр аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Өкмөттүн чечими менен белгиленет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.