Жаңылыктар
Алдоо жолу менен 100 миң сомдон ашык акча каражатын ээлеп алган Ош шаарынын жашоочусу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Алдоо жолу менен 100 миң сомдон ашык акча каражатын ээлеп алган Ош шаарынын жашоочусу кармалды

Ички иштер органдарына Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Аныкталгандай, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң  жолугушуулардан качып, изин жашырып кеткен. Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Укукка каршы аракеттерди жасоого тиешеси бар жаранды тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн. Жакында, ушул жылдын март айында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн иш-чаралардын натыйжасында Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалды.  

Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран М.З. мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.