Жаңылыктар
Кыргызстанга расмий сапары менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга расмий сапары менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келди

Кыргызстанга расмий сапары менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 

Сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун төртүнчү жыйыны өтөт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министринин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган. 

Алдыда боло турган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, бекемдөө боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо мерчемделген. Түрк кеңешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.