Жаңылыктар
Аймактарда шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарын чогултуу өнөктүгү жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарда шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарын чогултуу өнөктүгү жүрүүдө

3-мартта шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарын чогултуу өнөктүгү башталган. Бул максатта аймактарга 11 мобилдик автобус жөнөп кетти. 

Шайлоодо жана референдумда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында адистер шайлоочулардын жалпы тизмесин түзүүдө. 19-мартка чейин мобилдик автобустар 130 конушту кыдырат. Адистер биометрикалык маалыматтарды каттоодон өткөрүү, паспорт алмаштырууга арыз берүү, туруктуу жашаган жери боюнча каттоого тургузуп жана электрондук санарип кол тамга алышат. 

Ошондой эле жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоо боюнча суроолорун "1255" номери аркылуу бере алышат.