Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол коопсуздугун сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча түзүмдүк бөлүктөр менен онлайн кеңешме өткөрдү.
Министрлик шайлоого даярдык көрүү мезгилинде жана шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоонун комплекстүү иш планын бекитти. БШКнын маалыматына ылайык өлкө аймагы боюнча 2273 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
Шайлоо күнү коомдук тартипти сактоого тогуз миң, шайлоо тилкелерине төрт миң милиция кызматкери бекитилет. Учурда шайлоону таза жана жогорку денгээлде өткөрүү боюнча ИИМ менен БШКнын кызматкерлери координациялык топто ишмердүүлүгүн баштады.