Өкмөттүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын жоюу боюнча чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү.
Комиссияга аталган кызматтын кызматкерлерине мыйзамда көрсөтүлгөн нормага ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү, мекеменин дебитордук карыз эсебин жүргүзүү, кредитордук карызын өндүрүү, пайдаланып турган мүлктү каттоо жана жоюу тууралуу өкмөттүн бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.
Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Мамлекеттик кадр кызматына жумушсуз калган кадрларды окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуш берүү, буга чейин ачылган өндүрүштөгү кылмыш иштери жөнүндө маалыматты тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырмасы берилди.