Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов 2026-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи жыйынын өткөрдү.
Касмамбетов белгилегендей, жүрүп жаткан конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты. Ошондуктан, 2026-жылга чейинки мезгилге - өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлдү.
Аппарат Жетекчиси эксперттик топтун астында турган негизги эки милдетти белгиледи. Биринчи, коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейинки мезгилге өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Экинчи, орто мөөнөттүү келечекке экономикадагы негизги жана түзүмдүк реформалар топтомун даярдап чыгуу.
Сүйүнбек Касмамбетов жакынкы жылдарга мамлекеттик саясат эки стратегиялык милдеттен - пандемиянын кесепеттеринен экономиканы калыбына келтирүү боюнча антикризистик чараларды тез арада ишке ашыруудан, ошондой эле кескин жана системалуу реформаларды жүргүзүү менен экономикалык өсүштү тездетүүдөн турарын белгиледи. Эксперттик топко тез арада аткарылчу бир катар тапшырмалар берилди.