Милиция шаарда адашып жүргөн кызды үйүнө жеткирди.
Милициянын кайгуул кызматы кабарлагандай, 7-мартка караган түнү саат 01:30дар чамасында шаардык милициянын "102" кызматына Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлери 10 жаштагы өспүрүм адашып жүргөндүгүн аныкташкан.
"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издеп таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен", - деп айтылат маалыматта.