Жаңылыктар
Казакстанда 5G интернет ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстанда 5G интернет ишке кирет

Быйыл Казакстандын Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр. Айтымында, 2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн башка шаарларга да киргизүү пландалууда. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. 

Мыйзам долбоору ишке кирип, анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлмөкчү. Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып, эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны кайтарып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.