Ысык-Көл облусунда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборунун курулушу башталды. Бул туураалуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарынын алкагында медициналык мекменин имаратынын капсуласын коюу аземине катышты. Курулуш толугу менен “Ас-Сафа” эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат.
Эки имараттын жалпы суммасы 34 миллион сомду түзөт. Санташ айылындагы 2 кабаттуу жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборунун жалпы аянты 702 чарчы метр болсо, Кутургу айылындагы борбордун имаратынын аянты 280 чарчы метр. 20 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери аяктагандан кийин аталган бирикме керектүү медициналык шаймандар менен камсыздайт. Имараттардын курулушу ушул жылдын декабрь айында бүтүүсү күтүлүүдө.