Жаңылыктар
Бажы жана салык тармагын санариптештирүүнү тездетүү
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы жана салык тармагын санариптештирүүнү тездетүү

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери интеграцияланып, тиешелүү аналитикалык тутумдар менен толук кандуу иштеши керек. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселелерин талкуулаган жыйында билдирди. Өкмөт башчы бажы тармагын санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин белгилеп, ага өзгөчө басым жасалаарын айтты. 

«Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурун башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошол эле учурда иште бир топ кемчиликтер бар. Коррупциялык тобокелдиктерди четтетүүнүн жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык өнүмдөрдөн сактоо, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана калктын электрондук мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча бардык чараларды тезинен жүргүзүү керек" - деди өкмөт башчы.

Улукбек Марипов ошондой эле салык жана бажы жол-жоболорун системалуу негизде санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.