Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Ала-Бука отрядынын аскерлери мыйзамсыз мал өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу мекеменин ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жергесинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 30 жаштагы жаранын кармашкан, ал өткөрүү пунктунан тышкары жерден Өзбекстандын аймагына 10 баш мал айдап өтүүгө аракет кылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган малдын жалпы баасы 150 миң сомду түзгөн.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.