Жаңылыктар
Президент "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду

Мыйзам бузган ишкер субъекттердин ишин тергөөдө ишкер же ишкерликтин катышуучулары камалбашы керек. Ал эми ишкерлерди мыйзамсыз аракеттерге түрткөн, салыктан же мамлекеттик төлөмдөрдөн буйтап өтүүгө көмөктөшкөн кызматкерлер жазаланышы керек. Фискалдык жана текшерүүчү органдар тазаланууну эң ириде өздөрүнөн баштоого тийиш. Президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Ишкерлерди камай калып, аны коомго жарыялап бизнеске тоскоолдук кылган көрүнүштөр болуп эле келет. Мындай аракеттер эң ириде өлкөнүн инвестициялык аброюна доо кетире турганын адистер белгилешет.