Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан келген, түрдүү кесиптин ээлери болгон айымдар менен жолугушту. Мамлекет башчысы аялзатын алдыдагы майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соңку тарыхындагы оор сыноолорду айымдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи.
Каарманыбыз Ратбү Сатарова - "аялдар үйдө отурушу керек" деген көз карашты жокко чыгаргандардын бири. Үйдүн түмөн түйшүгү менен кошо эмгекчил, аракетчил жана билимдүү айымдардын катарын толуктаган Ратбү айым Токтогулдагы №2 мектепте англис тили мугалими. Муну менен чектелип калбай, эл аралык уюмдар менен кызматташып, окуучуларга ар кандай үйрөтүүчү сабактарды өтүүгө да үлгүрөт.