Бир апта ичинде казынага ири өлчөмдө зыян келтирген бир нече адам белгилүү болду. Алар мамлекеттик кызматта туруп эбегейсиз байлык топтогондор. Аткаминерлердин ачык булактарда көрсөтүлгөн мүлкү, байлыгы сомго алмаштырып саналса эсеп жеткис. Ири бизнеси же булагы жок мамлекеттик кызматкер андай акчага кантип ээ болду деп кызыккандар да бар.
Жемкорлук менен күрөшүү элдин негизги талабы. Соңку күндөрү УКМК экономикага зыян келтирген жаңы фактылардын бетин ачты. “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кармалгандын бири Ош шаарында ишкер катары таанымал Жалил Атамбаев. Мурдагы милиционер ресторан-кафе, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Эки жыл мурда ага жана жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган. Тергөө абагына киргизилген кылмышка шектүү эки күн өтпөй тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына чыкты.