Ак калпак күнү Баткен шаарында да белгиленди. 5 жылдан бери салтка айланып, жыл сайын белгиленип келе жаткан бул күн улуттук баш кийимди даңазалоо жана келечек муунга жайылтуу максатын көздөйт.
Улуттук баш кийимди кийип, колуна туу көтөргөн жаштар шаар көчөлөрүндө жөө жүрүш уюштурушту. Кышында жылуу, жайында салкын болгон, кийизден жасалган калпак байыртан бери кийилип келет. Өзүнчө философиялык маанини камтыган баш кийим адамдын жаш курагын, коомдогу абалын да аныктап турган.
“Биз ак калпакты ыйыктыгын сезип, кийгенде патриоттуулук сезим менен кийип, коомдук жайларда, көчөлөрдө кийип жүрөбүз негизинен. Ак калпак биз үчүн чоң мурас катары калган кыргыз элибиздин сыймыктарынын бири улуттук баш кийими”,- деди Баткен шаарынын тургуну Умарбек Айбашев.