Соттун калыстыгына, ишбилгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттерди жасоо, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын бузуу жана башка ушундай терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен жалпы мамлекеттин беделине дагы шек келтирет. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ал үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж. Ал мындай системаны куруу башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү менен түздөн-түз байланышта экенин, сот системасынын азыркы абалы жана аброю, эч кимге сыр эмес, мурда болуп көрбөгөндөй өтө төмөн деңгээлге чейин түшүп кеткенин белгиледи.
Мамлекет башчысы кесиптик майрам күнү анчалык жагымдуу болбосо да, соттордун айланасында түзүлгөн жакшы эмес кырдаалды жеңүү, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу бетме-бет ачык сүйлөшкөнү келгенин билдирди. Бирок элдин үмүтү менен ишеничин актоо үчүн көптөн бери чогулуп келген көйгөйлөрдү тезинен биргеликте чечүүгө убакыт келип жеткенин айтты.