Былтыр Кыргызстан 6 миң тоннадан ашык грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы наркы 9 миллион доллардан ашуун сумманы түзөт. Жаңгакты эң көп Түркия, Түркмөнстан, Ирак, Афганистан, Казакстан Азербайжан, Германия, Грузия, Бириккен Араб Эмираттары сатып алган.
Ошондой эле Россия, Катар, Иран, Монголия, Молдова, АКШ сатып алган. 2019-жылы жалпы баасы 6 миллион долларга 8 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.