Жаңылыктар
УКМК: жумушка орношууга жардам берүүнү убадалаган алдамчы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: жумушка орношууга жардам берүүнү убадалаган алдамчы кармалды

Мамлекеттик органдардын бирине жумушка орношууга жардам берүүнү убадалаган алдамчы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

4-мартта УКМК Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 50 миң сом алып жаткан жеринен Кыргызстандын жаранын кармаган. 

Анын УКМК төрагасынын жана өлкө Президентинин жакын таанышы болом деп 15 миң долларга мамлекеттик органдардын бирине жетекчи кылып дайындоо маселесин чечип берүүнү убада кылганы аныкталды. Муну менен катар арыз ээсинен алдын ала төлөм катары миң доллар алган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абак жайына киргизилди.