Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50 миллион сомдон ашуун акча төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жалил Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.
"4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыянды бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.