Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда "Балакай 2020" аттуу ыр сынагынын жыйынтыктоочу кечеси болуп өттү.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 5 жаштан 12 жашка чейинки 200дөй өспүрүм катышкан. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу буга чейинки тандоо баскычтары онлайн өткөрүлгөн. Калыстар тобунун чечими менен 9 бала сынактын акыркы туруна өткөн. Эми жеңишке ээ болгон жаш талантка уюштуруучулар тарабынан аткарган ырына клип тартылат. Аталган сынак былтыр август айында эл ичиндеги жаш таланттарды табуу жана колдоо максатында уюштурулган.