Күйүүчү-майлоочу майды сыртка ташып чыгууга тыюу салынды. Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын, суюлтулган газдын бааларына жана базардагы кырдаалга Монополияга каршы жөнгө салуу агенттик байкоо жүргүзүп талдоодо.
2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февралына чейин бензиндин жана дизель майынын чекене баалары 14 пайызга чейин жогорулады.
"Буга чейин мамлекеттик жөнгө салуу боюнча социалдык маанилүү товарлардын тизмеси түзүлгөн. Ал тизмеге АИ-80 жана АИ-92 маркасындагы бензин, дизель майы жана суюлтулган газ кирген. Бирок, ЕАЭБ менен түзүлгөн келишимге жана жана ички соода жөнүндө мыйзамга ылайык, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу 90 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек. Белгилей кетсек, учурда күйүүчү-майлоочу майларга баалар рыноктук механизмдин негизинде түзүлүп жатат",- деди Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева.