Жаңылыктар
Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташууда. Башталгыч класстын окуучулары мектепке барышат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташууда. Башталгыч класстын окуучулары мектепке барышат

Эпидемиологиялык абал турукташып калды. Буга байланыштуу башталгыч класстын жалпы окуучулары мектепке бара баштайт. Ошондой эле бала бакчалардын даярдоо тайпасынын жеткинчектери да барууну улантат. 

Мындай чечим Бишкек шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга каршы комиссиясы тарабынан чыгарылгандыгын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси билдирди. Бактыгүл Исмаилованын маалыматына караганда, КОВИД-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн учурда Бишкекте 447 орундуу 4 стационар иштеп жатат. Аларда 116 бейтап дарыланууда. Дагы 331 бош орун бар.

"Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медициналык борборунун медициналык кызмактерелри үй карантининдеги бейтапртадын ден -соолугуна абалына байкоо жүргүзөт. 2020-жылдын 29-январынан бери бардыгы болуп 27 миң 302 адам үй карантинине алынган. Алардын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 26 980 адам байкоодон чыгарылган. Бул жылдын 4-мартына карата байкоодо 417 адам турат Анын 95 адамынын ПЦР анализи оң жыйынтыгы менен аныкталган. Үй шартындагы карантин мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарды көзөмөлгө алуу максатында мобилдик бригадалар түзүлгөн. Учурда Бишкек шаарында 9 бригада иштейт. 2020-жылдын 25-мартынан тартып 63 675 жолу чыгышып, 61 549 адамдан ПЦР анализ алышкан",- деди Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова.