Жаңылыктар
Аксыдагы уулануу. Үймө-үй кыдыруудан кийин дагы 10 адам аймактык ооруканага жаткырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Аксыдагы уулануу. Үймө-үй кыдыруудан кийин дагы 10 адам аймактык ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан 6 адам каза болду. Алардын үчөө ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, үймө-үй кыдыруудан кийин дагы 10 адам Аксы аймактык ооруканага жаткырылды. 

"4-март, кечки саат 6га карата Аксы аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланып 5 эркек жана 5 аял жаткырылды. Алардын абалы орто оор, туруктуу бойдон калууда. Жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алышууда", - деп айтылат маалыматта. 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2-мартта саат 13:30дан 16:30га чейин Кара-Суунун 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн.

Жабыркагандардын айтымында, алар салат, бешбармак жеп, сууга аралаш спирт ичишкен. Облустук Ички иштер башкармалыгы массалык уулануу фактысы менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.