Жаңылыктар
Президент ишкердик субъектилерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент ишкердик субъектилерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров Ишкердик субъектилерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол койду. 

Чарбакер субъекттердин чарбачылык ишин жана бизнес-түзүмдөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттери тууралуу түшүп жаткан даттанууларга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жөнүндө өтүнүчтөргө байланыштуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат.