Президент Садыр Жапаров бүгүн, Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин видеоконференция форматында өтүп жаткан ишине катышты. Мамлекет башчысы саммитте сөз сүйлөп, өлкөдөгү акыркы саясий-коомдук окуялар, анын ичинде башкаруу формасын тандоо боюнча референдум тууралуу кыскача айтып өттү.
Белгилешинче, Кыргызстандын эли өзүнүн мындан аркы өнүгүү жолун аныктады. Жакында тиешелүү конституциялык түзөтүүлөр добушка коюлуп, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча иштер башталат. Ал Кыргызстандын бардык мамлекеттер менен достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде баарлашуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн ачык экендигин кошумчалады. Мамлекет башчысы пандемия бул вирус менен эч ким жалгыз күрөшө албастыгын көрсөткөнүн айтты. Биргелешип аракет кылуу менен, COVID-19дун айынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгууга болорун белгиледи.
Ал Уюмдун бул багытта жигердүү иштеп, мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системаларынын колдо болгон ресурстарын топтоп, медицина илиминин акыркы жетишкендиктери менен тажрыйба алмашуу, вакцинаны эрте иштеп чыгуу, каттоо жана киргизүү, калкты эмдөө боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө кудурети бар экенин айтты. Уюмдун акыркы жетишкендиктерин жогору баалаган Садыр Жапаров мүчө-мамлекеттердин алдында турган заманбап чакырыктар менен жаңы милдеттерди белгиледи.
Мамлекет башчысы Уюмдун заманбап шарттарга шайкеш келиши жана бардык катышуучу өлкөлөр үчүн зарыл болгон интеграциялык милдеттерди аткарууга кызмат кылышы маанилүү экенин билдирди.