Стратегиялык өнөктөштүктү, саясий достукту, экономикалык шериктештикти жана бир туугандык алаканы арттыруу Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынын негизи болду. Анын алкагында өлкө башчы коңшу өлкөнүн президенти, туңгуч президенти баш болгон бардык жогорку бийлик адамдары менен жолугушуу өткөрдү. Экономикалык жана инвестициялык байланыштарды алдыга жылдыруу максатында ишкер чөйрө менен да сүйлөшүүлөр өттү.