Жаңылыктар
Ак калпак - Ала-Тоонун символу. Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ак калпак - Ала-Тоонун символу. Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди. Он жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, жөө жүрүш концерттик программалар менен коштолду. Ак калпак күнү 2011-жылы майрамдала баштап популярдуулукка ээ болгондон кийин 2016-жылы майрам катары расмий макам алган.