Борбор калаада Жаштар парламентинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгы белгиленди. Жаштар парламенти мамлекеттин көйгөйлөрүнө жан дили менен күйгөн прогрессивдүү, демилгелүү топтон куралган.
Түзүлгөн күндөн тартып билим берүүдөгү коррупция, экология, экономика жана аймактык өнүгүү багытында алгылыктуу иштерди жасадык дейт, - негиздөөчүлөр. Парламенттин түрдүү тармакта жаш кадрларды даярдоодо кошкон салымы чоң экендиги белгиленди.