Жаңылыктар
Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт саат электр энергиясын алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт саат электр энергиясын алат

Кыргызстан менен Казакстан электр энергиясын алмашууну макулдашты. Быйыл Токтогул ГЭСинде суу тартыш болуп жаткандыктан, коңшу өлкөдөн 900 миллион киловатт саат электр энергиясы алынат. Ушунча эле көлөмдө энергияны кайра үч жылда кайтарып берет. Тиешелүү документке эки өлкөнүн президенттеринин Нур-Султан шаарындагы жолугушуусунда кол коюлган.