Жаңылыктар
Күйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди

Күйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чечим кечээ премьер-министр тарабынан кабыл алынды. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы, муну мунайдын ички базардагы таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн чара экендигин түшүндүрүүдө.

Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык күйүүчү майды ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн башка мамлекеттерге темир жол, унаа жолу менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Башкача айтканда, чектеш жайгашкан Өзбекстан жана Тажикстанга мунайзат ташып чыгууга болбойт.

Убактылуу чектөө ички жана ЕАЭБдеги рынокторго мунай заты жетиштүү болгуча узартылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагынан бензобактагы күйүүчү майдан тышкары дагы 20 литрге чейин күйүүчү май алып чыгууга гана уруксат берилет.