Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Дөөлөтбек Миңбаев билдирди. Айыл өкмөт башчынын айтымында, жергиликтүү тургундар белгисиз зат менен 1-март күнү ууланышкан.
"Ууланып каза болгон адамдардын саны алты адамга жетти. Үч күн мурун бир жерде отурган 18 адам белгисиз затка ууланган экен. Учурда үч адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Калгандарынын абалы жакшы. Алардын кандай тамак-аштан ууланганы азырынча белгисиз. Так маалымат экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", – деди айыл өкмөт башчысы. Каза болгондордун үчөө эркек, үчөө аял киши экени айтылууда. Курагы элүү жаштын тегерегиндеги адамдар. Алар чогуу бир жерге конокко барышкан.
Буга чейин Жалал-Абад облустук милициясы үч адам каза болгондугу тууралуу маалымат берген.