Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат "сот тармагында автоматтык система иштеп чыгуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджетти мыйзамсыз пайдалануу боюнча Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинде коррупциялык схема түзүлгөнүн" билдирген. Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан. УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи.