Жаңылыктар
Кытай коронавирус менен күрөшүүдө жардам берет
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай коронавирус менен күрөшүүдө жардам берет

Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Мындай пикирин Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолукканда билдирди. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал эми элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын жана жүк жакынкы күндөрү келерин айтты. Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" бекеттериндеги жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.

Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.