Соңку жылдары айыл-чарба тармагында өсүмдүктөрдүн жаңы сорттору менен органикалык дары-дармектерге көңүл бурулууда. Дүйнө рыногундагы атаандаштыкка туруштук берүүдө дыйкандардын сабаттуулугун арттыруу зарыл. Бул максатта Ошто агрожарманке уюштурулду.
Салтка айланган жарманке быйыл 17-ирет өтүп жатат. Пандемияга байланыштуу бул жолу, ата мекендик өндүрүүчүлөр менен ишкерлер гана чогулду. Анда: үрөн, минералдык жана гуминдик жер семирткичтер, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жаңы технологиялары көрсөтүлдү. Агро тармагын көтөрүүгө негиз болчу аянтча -“Жер-Азыгы” коммерциялык эмес уюуму тарабынан уюшулду.