Күйүүчү жана майлоочу майларды контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду. УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жорукардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унааны кармады.
Уунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес.
Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон. Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган унаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан. Учурда, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.