Жаңылыктар
Өлкө боюнча «open space» форматында жаңы Калкты тейлөө борборлору ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө боюнча «open space» форматында жаңы Калкты тейлөө борборлору ачылат

Жакын арада республика боюнча «open space» форматында бир нече жаңы Калкты тейлөө борборлору ачылат. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешмеде билдирди. 

1-апрелге чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы айылында, 10-апрелге чейин Бишкек шаарында эки, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында, 1-майга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда, Кара-Суу шаарында, 1-июнга чейин Баткен облусунун Кадамжай шаарында, 1-июлга чейин Ош облусунун Араван районунун борборунда калкты тейлөө борбору ачылат. Ушул тапта Кыргызстанда 26 калкты тейлөө борбору иштеп жатат.